Лотереянын эрежелери

«Грин Телеком Сервис» ЖЧКнын «Лимон утуп ал»
КЫЗЫКТЫРУУЧУ ЛОТЕРЕЯСЫН ӨТКӨРҮҮ ЭРЕЖЕЛЕРИ

1. Лотереянын аталышы, түрү жана сыпаттамасы

«Сорви лимон» лотереясы – «Грин Телеком Сервис» ЖЧКсы (мындан ары - «Уюштуруучу») тарабынан өткөрүлүүчү кызыктыруучу лотерея (мындан ары - «Лотерея»), анын алкагында катышуучулар Лотереянын эрежелеринин 5.4.1 – 5.4.14 пунктчаларында баяндалган белгилүү иш-аракеттерди аткаргандыгы үчүн электрондук билеттерди (мындан ары - «Билеттер») алышат жана топтошот. Лотереяны өткөрүү мезгилинде топтолгон Билеттер Ойнотууларга катышат, алардын алкагында Лотереянын ар бир Ойнотуусунун Жеңүүчүлөрү туш келди тандоо жолу менен аныкталат. Лотереянын катышуучуларын Лотереяга катышуу эрежелери жана Ойнотуулардын жыйынтыктары тууралуу маалымдоо маалыматты Лотереянын расмий сайтына жайгаштыруу аркылуу жүргүзүлөт.

2. Лотереяны өткөрүү эрежелеринде колдонулган терминдер жана аныктамалар

«Мой О!» мобилдик тиркемеси, тиркеме – бул Android жана iOS (бирок булар менен гана чектелбестен) операциялык тутумдарынын базасында Тутумдун Колдонуучулары үчүн арналган, «О!Деньги» электрондук капчыгын (мындан ары - «ЭК») интернет байланыштын жардамы менен электрондук акчалар, кошулган банктык карталар, тѳлѳѳчүгѳ товарларды/кызматтарды сатуучуда ачылган ѳздүк эсебине мурда салынган акча каражаттары, аванстар/алдын-ала тѳлѳмдѳр жана алардын бѳлүктѳрүн кайтаруу аркылуу, ошондой эле Тѳлѳмдү ишке ашыруунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ыкмалары жана инструменттери аркылуу финансылык транзакцияларды ишке ашыруу максатында колдонуу мүмкүнчүлүгүн берген, онлайн-идентификациядан ѳтүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка сервистерди колдонуу мүмкүнчүлүгүн берген программалык камсыздоо. Колдонуучулар тарабынан пайдаланышы үчүн Программалык камсыздоонун веб-версиясы болушу мүмкүн.

Колдонуучу – 18 (он сегиз) жашка толгон, укукка жөндөмдүү жана аракетке жөндөмдүү, ошондой эле идентификациялоо жол-жобосунан өткөн жана Тиркемеде жеткиликтүү лимиттердин, инструменттердин жана сервистердин алкагында финансылык транзакцияларды (төлөмдөрдү) жүргүзүү максатында Тиркемени колдонууга укуктуу жеке жак.

Билет – таратуу үчүн атайын даярдалган, Лотереянын оюн тутуму менен белгиленген жеке идентификациялык номер (код) түрүндөгү, жана эгерде бул билетке утуш түшүп калса, адамдын өткөрүлүп жаткан лотереяга катышууга жана утушту алууга укугун күбөлөндүрүүчү электрондук формадагы маалымат алып жүрүүчү.

Лотереянын байге фондун ойнотуу – бул процедура, анын жүрүшүндө туш келди тандоо ыкмасы боюнча иштеген атайын программалык камсыздоону колдонуу менен Лотереянын жеңген катышуучулары аныкталат жана ал катышуучуларга төлөнүүгө, өткөрүлүп берилүүгө же берилүүгө тийиш болгон утуштар аныкталат.

Лотереянын байге фонду – Лотереянын Эрежелеринде билдирилген жана утуштарды өткөрүп берүү, берүү үчүн арналган каражаттардын, мүлктүн же кызмат көрсөтүүлөрдүн акчалай түрүндө туюнтулган, Өнөктөштүн эсебинен түзүлүүчү жыйындысы.

3. Лотереянын Уюштуруучусунун аталышы

3.1. Лотереянын Уюштуруучусу — Бишкек ш., Абдрахманов көч., 170/2 дареги боюнча катталган «Грин Телеком Сервис» ЖЧКсы;
Э/э: 1092200066480192
«Оптима Банк» ААК
БИК 109022
ИУЖК 26738513
ИСН 0041120091031

4. Лотереяны өткөрүүнүн жалпы мезгили

2023-жылдын 1-августунан тарта 2023-жылдын 6-ноябрына чейин.

5. Лотереяга катышуунун шарттары

5.1. Лотереяга катышуу үчүн «О!Деньги» ЭКнын идентификациялоо процедурасынан өтүү жана төлөмдөрдү жүргүзүү зарыл. Лотерея башталган күнүнө карата «О!Деньги» ЭКнын идентификацияланган колдонуучулары болгон колдонуучулар автоматтык түрдө анын катышуучусу болуп калат.

«О!Деньги» ЭКда ийгиликтүү идентификацияланган, 18 жашка толгон жеке жак лотереянын катышуучусу боло алат.

5.3. Лотереяга төмөнкүлөр катыша албайт жана ошого жараша утуштун ээси боло албайт:

  • КРдин жараны болбогон адамдар;
  • «О!Деньги» ЭКнын идентификациялан колдонуучулары болбогон адамдар;
  • 18 жашка чыга элек адамдар;
  • Лотереянын Уюштуруучусунун кызматкерлери, ошондой эле алардын жакын туугандары жана Уюштуруучулар менен аффилирлеген жактар.

5.4. Билеттерди алуу шарттары (Лотереянын катышуучусу аткара ала турган операциялардын түрлөрү жана алынган билеттердин саны):

5.4.1. «О!Деньги» ЭКнын идентификациясынан өткөндүк үчүн Билеттер:

  • Сатуу жана тейлөө кеңселеринен, ошондой эле O!Store фирмалык дүкөндөрүнөн идентификациядан өтүү. Билеттердин саны – 15 даана;
  • Тиркемеден онлайн-идентификация өтүү. Билеттердин саны – 5 даана;
  • Билеттер ушул Эрежелердин 4-пунктунда көрсөтүлгөн Лотереяны өткөрүү мезгилинде тиркеменин тутумундагы колдонуучунун профилинин статусу "Идентификацияланган" деп өзгөртүлгөн шартта гана берилет;
  • Идентификациянын ар бир түрү үчүн Билеттерди алуу Колдонуучу үчүн бир жолу гана мүмкүн.

5.4.2. «Мой О!» тиркемесинен «О!Деньги» ЭКны пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасын чыгаруу үчүн Билеттер:

  • Билеттердин саны – 50 даана
  • Билеттер ушул Эрежелердин 4-пунктунда көрсөтүлгөн Лотереяны өткөрүү мезгилинде картанын биринчи жолку чыгарылышы болгон шартта гана берилет;
  • Операциянын бул түрү үчүн Билеттерди алуу ар бир Колдонуучу үчүн бир жолу гана мүмкүн.

5.4.3. СТИден жана онлайн-сервситерден «О!Деньги» ЭКны пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасынан төлөмдөр үчүн Билеттер:

Бир жолку төлөмдүн суммасы, сом Билеттердин саны (даана)
1-299 0
300-599 1
600-899 3
900 жана андан ашык 5
  • Ар бир колдонуучу үчүн операциянын ушул түрү үчүн Билеттерди алууга чектөө:
    • Суткасына – жалпысынан 30 Билеттен ашык эмес;
    • Календардык айына – жалпысынан 500 Билеттен ашык эмес.

«О!Деньги» ЭКны толуктоо үчүн Билеттер (кирүүчү ELQR которууларын эсептегенде):

  • Билеттердин саны – 300 сом жана андан ашык суммага ар бир толуктоо үчүн 1 даана;
  • Билеттер капчыгы толукталган колдонуучуга чегерилет;
  • Бир электрондук капчыктан экинчи электрондук капчыкка жүргүзүлгөн ички которуулар эсепке алынбайт;
  • Электрондук капчыкты ошол эле капчыкка байланган картадан толуктоо 1 окуя катары эсепке алынат;
  • Ар бир колдонуучу үчүн операциянын ушул түрү үчүн Билеттерди алууга чектөө:
    • Календардык айына – жалпысынан 1 000 Билеттен ашык эмес.

5.4.5. «Мой О!» тиркемесинен «О!Деньги» ЭК аркылуу О! номерлеринин өздүк эсептеринин балансына төлөмдөр үчүн Билеттер (О! өздүк эсебинин балансынан төлөмдөрдөн тышкары):

  • Билеттердин саны:
Бир жолку төлөмдүн суммасы, сом Билеттердин саны (даана)
1-299 0
300-599 1
600-899 2
900 жана андан ашык 3
  • Билеттер төлөм жүргүзгөн колдонуучуга чегерилет;
  • «Мой О!» тиркемесинен «О!Деньги» ЭК аркылуу О! өздүк эсебинин балансынан жүргүзүлгөн төлөмдөр эсепке алынбайт;
  • Ар бир колдонуучу үчүн операциянын ушул түрү үчүн Билеттерди алууга чектөө:
    • Суткасына – жалпысынан 3 Билеттен ашык эмес;
    • Календардык айына – жалпысынан 10 Билеттен ашык эмес.

Мисалдар:
- Эгерде колдонуучу О! номеринин өздүк эсебинин балансына 1 000 сомго бир жолку төлөм жүргүзсө, анда ал 3 Билет алат (3 Билет=900 жана андан ашык сом), мында калган 100 сом кийинки суткага которулбайт. Операциянын бул түрү үчүн Билеттерди алуу кийинки суткаларга жана жаңы төлөмдөр үчүн гана жеткиликтүү болот;
- Эгерде колдонуучу бир сутканын алкагында 2 Билет алса, андан кийин О! номеринин өздүк эсебинин балансына төлөм жасаган бир жолку төлөм менен 700 сом болсо, анда ал кошумча 1 гана Билет (2 Билет эмес) алууга тийиш, анткени суткасына 3 Билеттен ашпаган чектөө колдонулушу керек.

5.4.6. «Мой О!» тиркемесинден кызматтар каталогундагы башка сервистердин өздүк эсептеринин балансын «О!Деньги» ЭК аркылуу толуктоо үчүн Билеттер:

Бир жолку төлөмдүн суммасы, сом Билеттердин саны (даана)
1-299 0
300-599 1
600-899 2
900 жана андан ашык 3

5.4.7. «Мой О!» тиркемесинен «О!Деньги» ЭК аркылуу QR-код менен кызматтарды төлөө үчүн Билеттер (чыгуучу ELQR которууларынан тышкары):

Бир жолку төлөмдүн суммасы, сом Билеттердин саны (даана)
1-299 0
300-599 1
600-899 3
900 жана андан ашык 5

5.4.8. «О!Бонус» сервисинин алкагында берүүлүчү бонустарды пайдалануу үчүн Билеттер:

  • Билеттердин саны – ар бир 10 сомго 1 даана;
  • Ар бир колдонуучу үчүн операциянын ушул түрү үчүн Билеттерди алууга чектөө:
    • Суткасына – жалпысынан 6 Билеттен ашык эмес;
    • Календардык айына – жалпысынан 30 Билеттен ашык эмес.

5.4.9. «О!Бонус» кызматынын алкагында бонустарды пайдалануу менен «аралаш» жана башка булактарды колдонуу менен төлөмдөр үчүн билеттер:

  • «О!Бонус» сервисинин алкагында бонустарды пайдалануу менен «аралаш» төлөмдүн бөлүгү үчүн билеттердин саны 5.4.8-пунктчасында сүрөттөлгөн механика боюнча эсептен чыгарылган бонустардын суммасынын негизинде эсептелет.
  • «О!Бонус»сервисинин алкагында бонустардан айырмаланган булактарды пайдалануу менен «аралаш» төлөмдүн бөлүгү үчүн билеттердин саны 5.4.6, 5.4.7 пунктчаларына ылайык эсептелет.

5.4.10. «О!Маркет» салмасындагы жарыяларды илгерилетүү кызматтарын төлөө үчүн Билеттер:

  • Билеттердин саны – бир транзакция алкагында ар бир 200 сомго 2 даана.
  • Ар бир колдонуучу үчүн операциянын ушул түрү үчүн Билеттерди алууга чектөө:
    • Суткасына – жалпысынан 10 Билеттен ашык эмес;
    • Календардык айына – жалпысынан 40 Билеттен ашык эмес.

5.4.11. «Скай Мобайл» ЖЧК («Билайн»), «Альфа Телеком» ЖАК («Мегаком» жана Z Generation) уюлдук байланыш тармагынын операторлорунун абоненттик өздүк эсептеринин балансын, «Которуулар» бөлүмүндөгү сервистердин өздүк эсептеринин балансын (Электрондук капчыктар жана банктар) толуктоо үчүн, чыгуучу ELQR которуулар үчүн Билеттер берилбейт.

5.4.12. 5.4.3 пунктунда жана 5.4.5 – 5.4.10 пунктарында баяндалган төлөмдөрдүн бардык түрлөрүн байланган картадан төлөө үчүн берилбейт

5.4.13. Бир ИСНге катталган колдонуучулар алган билеттердин максималдуу саны – лотереяны өткөрүүнүн бүт мезгилинде 5 000 Билет. Эгерде бир ИСНге катталган бардык капчыктарда жалпысынан 5000 Билетке жеткен учурда, бардык капчыктар боюнча Билеттерди чегерүү мындан ары жүргүзүлбөйт.

5.4.14. 5.4.14. Төлөм жоюлган (аннуляцияланган) учурда, Лотереянын катышуучусуна жокко чыгарылган суммага берилген бардык Билеттер автоматтык түрдө Лотереянын катышуучусунан алынат (анын Билеттеринин тизмесинен өчүрүлөт). Мында өчүрүлгөн Билеттер Лотерея өткөрүү мезгилинин аягына чейин колдонулбайт (башка катышуучуларга берилбейт).

5.4.15. Билеттер Лотереяны өткөрүүнүн бүт мезгилинде 5.4.1-5.4.10-пунктчаларында сүрөттөлгөн иш-аракеттерди аткаргандыгы үчүн топтолот.

5.4.16. Чегерилген Билеттер тууралуу маалымат колдонуучуларга «Мой О!» тиркемесиндеги «О!Деньги» ЭКда жеткиликтүү болот.

5.4.17. Билеттин номери – 9 (тогуз) кокус сандан турган лотереянын алкагындагы уникалдуу топтом.

5.4.18. Билеттердин (аларды алуунун) баасы – акысыз.

5.4.19. «Мой О!» тиркемесинен «О!Деньги» ЭК аркылуу төлөөнү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бөгөттөлгөн учурда («Грин Телеком Сервис» ЖЧКнын «О!Деньги» ЭК колдонуу жөнүндө келишим түзүүгө карата жалпыга ачык офертасын бузуунун натыйжасында же Лотереянын катышуучусунун аракеттерине карата тийиштүү кайрылуунун/дооматтын натыйжасында) Лотереянын катышуучусунун бардык Билеттери төлөөнү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бөгөттөн чыгарылганга чейин Лотереяны ойнотууга кабыл алынбайт.

6. Лотереянын байге фонду

Лотереянын байгелеринин аталышы
1 байгенин баасы, сомов
Байгелердин саны
«О!Деньги» ЭКга 20 000 сом чегерүүгө тастыктама
20 000
14
«О!Деньги» ЭКга 30 000 сом чегерүүгө тастыктама
30 000
14
«О!Деньги» ЭКга 50 000 сом чегерүүгө тастыктама
50 000
14
Баш байге – «О!Деньги» ЭКга 1 000 000 сом чегерүүгө тастыктама
1 000 000
1

7. Ойнототууларды өткөрүү тартиби:

7. Ойнототууларды өткөрүү тартиби:

Мезгилдин №
Башталган күнү
Аяктаган күнү
№1 мезгил
01.08.2023
06.08.2023 (23:59:59)
№2 мезгил
07.08.2023
13.08.2023 (23:59:59)
№3 мезгил
14.08.2023
20.08.2023 (23:59:59)
№4 мезгил
21.08.2023
27.08.2023 (23:59:59)
№5 мезгил
28.08.2023
03.09.2023 (23:59:59)
№6 мезгил
04.09.2023
10.09.2023 (23:59:59)
№7 мезгил
11.09.2023
17.09.2023 (23:59:59)
№8 мезгил
18.09.2023
24.09.2023 (23:59:59)
№9 мезгил
25.09.2023
01.10.2023 (23:59:59)
№10 мезгил
02.10.2023
08.10.2023 (23:59:59)
№11 мезгил
09.10.2023
15.10.2023 (23:59:59)
№12 мезгил
16.10.2023
22.10.2023 (23:59:59)
№13 мезгил
23.10.2023
29.10.2023 (23:59:59)
№14 мезгил
30.10.2023
05.11.2023 (23:59:59)

7.2. Ойнотуулардын этаптары

Ойнотуунун №
Күнү
Лотереянын мөөнөтү
Байге
Женүүчүлөрдүн саны
№1 ойнотуу
07.08.2023
№1 мезгил
ЭКга 20 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
ЭКга 30 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
ЭКга 50 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
3
№2 ойнотуу
14.08.2023
№1, 2 мезгил
ЭКга 20 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
ЭКга 30 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
ЭКга 50 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
3
№3 ойнотуу
21.08.2023
№1, 2, 3 мезгил
ЭКга 20 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
ЭКга 30 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
ЭКга 50 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
3
№4 ойнотуу
28.08.2023
№1, 2, 3, 4 мезгил
Сертификат на начисление 20 000 сомов на ЭК - 1 шт.
Сертификат на начисление 30 000 сомов на ЭК - 1 шт.
Сертификат на начисление 50 000 сомов на ЭК - 1 шт.
3
№5 ойнотуу
04.09.2023
№1, 2, 3, 4, 5 мезгил
ЭКга 20 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
ЭКга 30 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
ЭКга 50 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
3
№6 ойнотуу
11.09.2023
№1, 2, 3, 4, 5, 6 мезгил
ЭКга 20 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
ЭКга 30 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
ЭКга 50 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
3
№7 ойнотуу
18.09.2023
№1, 2, 3, 4, 5, 6, 7 мезгил
ЭКга 20 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
ЭКга 30 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
ЭКга 50 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
3
№8 ойнотуу
25.09.2023
№1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8 мезгил
ЭКга 20 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
ЭКга 30 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
ЭКга 50 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
3
№9 ойнотуу
02.10.2023
№1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9 мезгил
ЭКга 20 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
ЭКга 30 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
ЭКга 50 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
3
№10 ойнотуу
09.10.2023
№1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10 мезгил
ЭКга 20 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
ЭКга 30 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
ЭКга 50 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
3
№11 ойнотуу
16.10.2023
№1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11 мезгил
ЭКга 20 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
ЭКга 30 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
ЭКга 50 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
3
№12 ойнотуу
23.10.2023
№1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12 мезгил
ЭКга 20 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
ЭКга 30 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
ЭКга 50 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
3
№13 ойнотуу
30.10.2023
№1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, 13 мезгил
ЭКга 20 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
ЭКга 30 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
ЭКга 50 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
3
Розыгрыш №14
06.11.2023
№1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, 13, 14 мезгил
ЭКга 20 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
ЭКга 30 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
ЭКга 50 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
ЭКга 1 000 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
4
Ойнотуунун №
№1 ойнотуу
Күнү
07.08.2023
мезгил
№1 мезгил
Байге
ЭКга 20 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
ЭКга 30 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
ЭКга 50 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
Женүүчүлөрдүн саны
3
Ойнотуунун №
№2 ойнотуу
Күнү
14.08.2023
Лотереянын мөөнөтү
№1, 2 мезгил
Байге
ЭКга 20 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
ЭКга 30 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
ЭКга 50 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
Женүүчүлөрдүн саны
3
Ойнотуунун №
№3 ойнотуу
Күнү
21.08.2023
Лотереянын мөөнөтү
№1, 2, 3 мезгил
Байге
ЭКга 20 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
ЭКга 30 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
ЭКга 50 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
Женүүчүлөрдүн саны
3
Ойнотуунун №
№4 ойнотуу
Күнү
28.08.2023
Лотереянын мөөнөтү
№1,2,3,4 мезгил
Байге
ЭКга 20 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
ЭКга 30 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
ЭКга 50 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
Женүүчүлөрдүн саны
3
Ойнотуунун №
№5 ойнотуу
Күнү
04.09.2023
Лотереянын мөөнөтү
№1,2,3,4,5 мезгил

№14 ойнотуу
Күнү
06.11.2023
Лотереянын мөөнөтү
№1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, 13, 14 мезгил
Байге
ЭКга 20 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
ЭКга 30 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
ЭКга 50 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
ЭКга 1 000 000 сом чегерүүгө тастыктама - 1 даана.
Женүүчүлөрдүн саны
4

7.3. Ойнотуулардын шарттары

  • Ар бир Ойнотууда бардык өткөн Мезгилдерде топтолгон Билеттер катышуусу керек;
  • 20 000 сом чегерүүгө тастыктамаларды, 30 000 сом чегерүүгө тастыктамаларды, 50 000 сом чегерүүгө тастыктамаларды кезектеги Ойнотууга катышуудан өткөн Ойнотуулардын кайсынысында болбосун Жеңүүчү болгон катышуучулардын бардык Билеттери автоматтык түрдө алынып салынышы керек;
  • Баш байгени – 1 000 000 сом чегерүүгө тастыктаманы – Ойнотууга катышуудан өткөн Ойнотуулардын кайсынысында болбосун Жеңүүчү болгон катышуучулардын утуш Билеттери автоматтык түрдө алынып салынышы керек.

7.4. Лотереянын жүрүшүнүн алкагында бир колдонуучу, ошол колдонуучуга катталган Билеттердин санына карабастан, ортодогу ойнотуунун алкагында 20 000 сом/30 000 сом/50 000 сом чегерүүгө 1ден (бирден) ашык эмес тастыктама ала алат жана 1 000 000 чегерүүгө тастыктама түрүндөгү 1ден (бирден) ашык эмес баш байге ала алат.

8. Рандомайзердин иштешинин шарттары

8.1. Байге фондун ойнотуу комиссиянын катышуусу менен жүргүзүлөт жана видеокамерага жазылат.

8.2. Сыпаттамасы: Рандомайзер – туш келди сандарды тандоо ыкмасы менен катышуучуларга берилген Билеттердин жалпы санынан уникалдуу утуш Билеттеринин белгиленген санын автоматтык түрдө аныктай турган тутум (атайын компьютердик программа).

8.3. Белгилүү бир конкреттүү билетке утуштун туш болушу - бул кокустуктун маселеси жана ал эч ким тарабынан атайын уюштурула албайт.

8.4. Лотереянын Байге фондун ойнотууда ушундай Ойнотуу башталганга чейин Байге фондун ойнотуунун жыйынтыгын алдын-ала аныктоого мүмкүндүк берүүчү жол-жоболор жана алгоритмдер колдонулбайт.

9. Байге фондун ойнотуу боюнча комиссия

9.1. Ар бир Ойнотууну өткөрүү үчүн 3 (үч) мүчөдөн кем эмес (Комиссияга Уюштуруучунун өкүлдөрүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын өкүлүн жана жарандык коомдун өкүлүн милдеттүү түрдө киргизүү менен) турган комиссия түзүлөт. Комиссиянын функцияларына төмөнкүлөр кирет:

  • Лотереянын Ойнотуусун өткөрүү;
  • Тийиштүү протоколго кол коюу менен Ойнотуунун жыйынтыгын ырас экендигин билдирүү.

9.2. Байгелерди ойнотуу Instagram социалдык тармагындагы Уюштуруучунун баракчасында онлайн-трансляция режиминде жана коомдук ишмерлердин (блогерлердин, журналисттердин жана ММКнын башка өкүлдөрүнүн) катышуусунда ачык өткөрүлөт.

10. Байгелерди алуу тартиби

10.1. Утуш Билетинин ээси болгон лотереянын катышуучусуна (мындан ары жана андан жогору –«Жеңүүчү») Ойнотуу күнүнөн кийин 10 календардык күндүн ичинде саат 09:00 дөн 20:00гө чейинки мезгилде утуштун фактысы жана Уюштуруучу менен байланышуу зарылдыгы жөнүндө SMS-билдирүү жөнөтүлөт. SMS-билдирүү Жеңүүчүгө Билет берилген абоненттик номерге жөнөтүлөт.

10.2. SMS-билдирүү жөнөтүлгөндөн кийин 3 (үч) календардык күндүн ичинде Уюштуруучу Жеңүүчүгө үн менен чалуу жүргүзөт. Жеңүүчү мурунку чалууга жооп бербесе, биринчи чалуу жасалган күндөн баштап 3 (үч) календардык күндүн ичинде 3төн (үч) кем эмес чалуу жүргүзүлөт. Жеңүүчүнүн абоненттик номери боюнча жеткиликсиз болушу (жеңүүчүнүн уюлдук телефону өчүрүлгөн, Уюштуруучунун байланыш тармагын тейлөө аймагынан тышкары жайгашкан ж.б.), Уюштуруучу тарабынан кошумча үн чалууларын жүргүзүү үчүн негиз болуп саналбайт.

10.3. Лотереянын акыркы жолу Ойнотуу учурунан тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен Уюштуруучу лотереянын жыйынтыктарын массалык маалымат каражаттарына жана 3 иш күндөн кечиктирбестен Лотереянын www.udacha.kg расмий сайтына жарыялайт.

10.4. Жеңүүчү байге алуу үчүн Уюштуруучуга кайрыла ала турган мезгил массалык маалымат каражаттарында жана/же Лотереянын расмий сайтында Ойнотуунун жыйынтыктары расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып 3 ырааттуу айды түзөт, бул мөөнөт аяктагандан кийин Уюштуруучу Жеңүүчүгө байгени берүүдөн баш тартууга укуктуу.

10.5. Жеңүүчү Уюштуруучуга инсандыгын тастыктаган жарактуу документти көрсөткөн учурдан тартып, ошондой эле байге алуу үчүн кайрылган адам утуш Билетинин ээси болуп саналары тастыкталган (Билет катталган «О!Деньги» ЭК кайрылган адамга таризделүүгө тийиш) учурдан тартып 10 календардык күндүн ичинде Жеңүүчүгө байгени берүү жүргүзүлөт.

10.6. Эгерде инсандыгын тастыктаган документте көрсөтүлгөн аты-жөнү жана туулган күнү «О!Деньги» ЭКнын идентификациялык маалыматтары менен дал келбесе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген жана инсандыгын тастыктаган документтеги өзгөрүүлөрдү тастыктаган документтери (аты-жөнү өзгөргөн учурда) жок болсо, байге кайрылган адамга берилбейт.

10.7. Байгелерди берүү Бишкек ш., Абдрахманов көч., 170/2 дареги боюнча Жеңүүчү менен Уюштуруучунун ортосунда макулдашылган убакытта жүргүзүлөт.

10.8. Байгеге карата киреше салыгы КРдин СКсына ылайык Ойнотуунун Жеңүүчүсүнөн кармалат.

10.9. Ойнотуунун Жеңүүчүсү сүрөткө жана/же видеого тартууга тоскоолсуз катышууга милдеттенет жана Лотереянын Уюштуруучусуна бул фото жана видеоматериалдарды Лотереянын алкагындагы жарнамалык жана маалыматтык максаттарында пайдаланууга макулдугун берет.

10.10. Жеңүүчү төмөнкү учурларда байге алуу укугунан ажырайт: Победитель утрачивает право на получение приза в случае:
a) ушул Өткөрүү эрежелери менен белгиленген байгени алуу Мезгилинин ичинде байге алуу үчүн Уюштуруучуга кайрылбоо;
б) эгерде Колдонуучу ушул Эрежелердин шарттарына жооп бербесе.

11. Корутунду жоболор

11.1. Ушул Өткөрүү эрежелери 4-пунктта көрсөтүлгөн Лотереяны өткөрүүнүн жалпы мезгилинин ичинде жана байгелерди алуу мөөнөтүнүн ичинде колдонулат.

11.2. Уюштуруучу менен өз ара мамиледе Жеңүүчүнүн кызыкчылыктарын байгени алганга чейин ыйгарым укуктардын тиешелүү тизмесин камтыган нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде иштеген анын өкүлү көрсөтө алат.

11.3. Эгерде катышуучу байге утуп алуу максатында Лотереяга катышуу үчүн ири суммадагы акча коротуу чечимин өз алдынча кабыл алса, бул учурда Уюштуруучу эч кандай жоопкерчилик тартпайт. Лотереяга катышуу катышуучулардын өзгөчө ыктыярдуулук принцибине негизделет.

11.4. Лотереяны өткөрүүгө жана анын жыйынтыктарына тиешелүү кайрылуулар жана дооматтар тиешелүү Ойнотуу өткөрүлгөн күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде жасалышы мүмкүн. Лотерея өткөрүү жана анын жыйынтыктары боюнча кайрылууларды жана дооматтарды кароо мөөнөтү — аларды алган учурдан тартып 14 иш күн.

11.5. Лотереяга катышуу менен, Лотереянын ар бир катышуучусу ушул Эрежелердин текстин кылдаттык менен окуп, түшүнгөнүнө автоматтык түрдө макул болот, жана шарттар жана Шарттардын жоболору менен эч кандай чектөөлөрсүз жана/же четтетүүлөрсүз макул болот.