Лотереянын эрежелери

«Грин Телеком Сервис» ЖЧКсынын «Ийгилик»
КЫЗЫКТЫРУУЧУ ЛОТЕРЕЯСЫН ӨТКӨРҮҮ ЭРЕЖЕЛЕРИ
(мындан ары текст боюнча – Эрежелер)
1. Лотереянын аталышы, түрү жана баяндалышы

«Ийгилик» лотереясы – бул «Грин Телеком Сервис» ЖЧКсы (мындан ары – «Уюштуруучу») тарабынан өткөрүлүүчү кызыктыруучу лотерея (мындан ары – «Лотерея»), анын алкагында катышуучулар ушул Эрежелердин 5.4.1–5.4.4 пунктчаларында баяндалган белгилүү иш-аракеттерди аткаргандыгы үчүн электрондук билеттерди (мындан ары – «Билеттер») алышат жана топтошот. Лотереяны өткөрүү мезгилинде топтолгон Билеттер Ойнотууларга катышат, алардын алкагында кокустан тандоо жолу менен Лотереяны ар бир Ойнотуунун Жеңүүчүлөрү аныкталат. Лотереянын катышуучуларына Лотереяга катышуунун эрежелери жана Ойнотуулардын жыйынтыктары жөнүндө маалымат берүү Лотереянын https://udacha.o.kg расмий сайтына маалыматтарды жайгаштыруу жолу менен жүргүзүлөт.

2. Лотереяны өткөрүү Эрежелеринде колдонулуучу терминдер жана аныктамалар

Тиркеме – бул «Мой О!» мобилдик тиркемесинде жайгаштырылган, Android жана iOS операциялык системаларынын базасында (бирок алар менен чектелбестен) Колдонуучуларга арналган Программалык камсыздоо, ал интернет аркылуу Уюштуруучунун электрондук капчыгын (мындан ары – «ЭК») төмөнкү максаттарда колдонууга мүмкүндүк берет: электрондук акчалардын, байланган банктык карталардын, төлөөчүнүн товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүдө ачылган өздүк эсебине мурда салынган каражаттардын эсебине кайтарылып берилүүчү акча каражаттардын, аванстардын/алдын ала төлөмдөрдүн же алардын бөлүктөрүнүн жардамы менен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка төлөм жүргүзүү ыкмаларынын жана инструменттеринин жардамы менен финансылык транзакцияларды жүргүзүү, Колдонуучулар тарабынан топтолгон Билеттердин эсебин жүргүзүү, онлайн-идентификациядан өтүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка сервистерди колдонуу. Программалык камсыздоонун Колдонуучулар колдоно турган веб-версиясы болушу мүмкүн.

Колдонуучу – 18 (он сегиз) жашка толгон, укукка жана иш-аракетке жөндөмдүү, ошондой эле идентификациялоо процедурасынан өткөн жана Тиркемеде жеткиликтүү лимиттердин, инструменттердин жана сервистердин алкагында финансылык транзакцияларды (төлөмдөрдү) жүргүзүү максатында Тиркемени колдонууга укугу бар жеке адам, Кыргыз Республикасынын жараны. Колдонуучуларга ошондой эле ушул аныктамада белгиленген талаптарга жооп берген жана Уюштуруучу менен келишимдик мамилелерде болгон, жеке ишкердикти жүзөгө ашырган жеке жактар да (мындан ары – жеке ишкер) кирет.

Билет – Лотереянын оюн системасында катталган, таратуу үчүн атайын даярдалган, катышуучунун өткөрүлүп жаткан Лотереяга катышуу укугун жана эгерде бул Билет утушка ээ болсо, утушту алуу укугун күбөлөндүргөн жеке идентификациялык номер (код) түрүндөгү электрондук маалымат сактагыч.

Лотереянын Байге фондун ойнотуу (мындан ары – «Ойнотуу»)– кокустан тандоо ыкмасы боюнча иштеген атайын Программалык камсыздоону колдонуу менен Лотереянын утушка ээ болгон катышуучуларын аныктоо жана ал катышуучуларга утуштарды төлөп берүү, өткөрүп берүү же берүү процедурасы.

Лотереянын Байге фонду –Лотереянын Эрежелеринде баяндалган жана утуштарды өткөрүп берүүгө, берүүгө арналган каражаттардын, мүлктүн же кызмат көрсөтүүлөрдүн акчалай формада туюндурулган жыйындысы, ал Уюштуруучу тарабынан түзүлөт.

3. Лотереяны Уюштуруучунун аталышы

3.1. Лотереянын Уюштуруучусу – «Грин Телеком Сервис» ЖЧКсы, катталган дареги:
Бишкек ш., Абдрахманов көч., 170/2, 2-блок;
Эсептешүү эсеби: 1250820004313155
«О!Банк-Бишкек» ААК филиалы
БИК: 125008
ОКПО 26738513
ИСН: 00411200910311

4. Лотереяны өткөрүү мөөнөтү

4.1. 2024-жылдын 02-декабрынан 2024-жылдын 10-февралына чейин.

5. Лотереяга катышуу шарттары

5.1. Лотереяга катышуу үчүн электрондук капчыкта (ЭК) идентификациялоо процедурасынан ийгиликтүү өтүп, төлөмдөрдү жүргүзүү зарыл. Лотерея башталган күнгө карата ЭКнын идентификацияланган колдонуучусу болуп саналган Колдонуучулар автоматтык түрдө анын катышуучулары болушат.

5.2. Жеке ишкер болуп саналган Колдонуучу Лотереяга катышууга макул болот жана Лотереянын мөөнөтүндө жана шарттарында Эрежелердин 5.4.4. пунктунда көрсөтүлгөн операциянын каалаганын ишке ашырган учурдан тартып Лотереянын катышуучусу деп таанылат. Бул учурда Билеттерди чегерүү жана эсепке алуу Уюштуруучу тарабынан түзүлгөн жана Уюштуруучунун тандоосу боюнча ар кандай жеткиликтүү жолдор менен Колдонуучуга маалымдалган номерде жүзөгө ашырылат, болбосо жеке ишкер Лотереянын катышуучусу деп таанылбайт.

5.3. Лотереяга төмөндөгү адамдар катыша албайт жана буга ылайык утуштун ээси боло албайт:

  • КР жараны болуп саналбаган адамдар;
  • ЭКда идентификацияланган колдонуучу болуп саналбаган адамдар;
  • 18 жашка чыга элек адамдар;
  • Юридикалык жактар;
  • Лотереяны Уюштуруучунун кызматкерлери, ошондой эле алардын жакын туугандары жана Уюштуруучу менен аффилирленген жактар.
5.4. Билеттерди алуу шарттары (Лотереянын катышуучусу аткара ала турган операциялардын түрлөрү жана алынуучу Билеттердин саны):

5.4.1. Товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн, Тиркемедеги QR-код аркылуу төлөмдөр же которуулар үчүн Билеттер:

  • Билеттердин санын эсептөө – ар бир 500 сом үчүн 1 Билет, бирок 1 төлөм үчүн 10 Билеттен ашык эмес;
  • Бир уникалдуу Жабдуучуга же болбосо Жабдуучунун тармагындагы бир уникалдуу соода түйүнүнө төлөө (төлөм же которуу) үчүн (С2В) Билеттер бир суткада бир жолу берилет;
  • Тиркеменин бир уникалдуу Колдонуучусуна төлөө (төлөм же которуу) үчүн (P2P, С2С) Билеттер бир суткада бир жолу берилет;
  • Ар бир уникалдуу Колдонуучу үчүн операциянын бул түрүнө Билеттерди алууга чектөө:
    • Бир суткада – жүргүзүлгөн төлөмдөр үчүн жалпы суммасы 100 Билеттен ашык эмес.

5.4.2. Колдонуучу тарапка толуктоо (кириш төлөмдү же которууну кабыл алуу) үчүн Билеттер:

  • Билеттердин санын эсептөө – 500 сомдон жогору төлөм үчүн 1 Билет (мисалы, төлөмдүн суммасы 1000 сом болсо – 1 Билет);
  • Билеттер суткасына 40 толуктоо үчүн берилет (Р2Р эмес) – тышкы булактардан, башкача айтканда, башка банктык тиркемелердин, терминалдардын жана электрондук капчыктардын номери жана QR-коддору боюнча которуулар/төлөмдөр ж. б.;
  • Тиркеменин бир уникалдуу Колдонуучусунан (P2P, С2С) Билет Тиркемеде төлөмдөрдү жүргүзүүнүн жеткиликтүү ыкмаларын колдонуу менен номер жана QR-код боюнча которуулар/төлөмдөр үчүн суткасына бир толуктоо үчүн гана берилет.
  • Ар бир уникалдуу Колдонуучу үчүн операциянын бул түрүнө Билеттерди алууга чектөө:
    • Бир суткада – Колдонуучу тарапка толуктоо (кириш төлөмдү же которууну кабыл алуу) үчүн жалпы суммасы 100 Билеттен ашык эмес.

5.4.3. О! номерлеринин өздүк эсептеринин балансын толуктоо үчүн Билеттер:

  • Билеттердин санын эсептөө – ар бир 500 сом үчүн 1 Билет;
  • Тиркеме аркылуу О! өздүк эсебинин балансынан жүргүзүлгөн төлөмдөр алынып салынат.
  • Ар бир уникалдуу Колдонуучу үчүн операциянын бул түрүнө Билеттерди алууга чектөө:
    • Бир суткада – жалпы суммасы 10 Билеттен ашык эмес;
    • Бир календардык айда – жалпы суммасы 100 Билеттен ашык эмес.

5.4.4. Уюштуруучунун QR-коду аркылуу төлөнгөн жеке ишкердин кызмат көрсөтүүлөрү/товарлары үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн Билеттер:

  • Билеттердин санын эсептөө – 500 сомдон жогору төлөмдү кабыл алуу үчүн 1 Билет (мисалы, төлөмдүн суммасы 1000 сом болсо – 1 Билет);
  • Билеттер суткасына 40 төлөм кабыл алуу үчүн берилет – тышкы булактардан, башкача айтканда, башка банктык тиркемелердин, терминалдардын жана электрондук капчыктардын QR-коду боюнча которуулар/төлөмдөр ж. б.
  • Тиркеменин бир уникалдуу Колдонуучусунан (P2P, С2С) Билет Тиркемеде төлөмдөрдү жүргүзүүнүн жеткиликтүү ыкмаларын колдонуу менен QR-код боюнча суткасына төлөмдү бир жолу кабыл алуу үчүн гана берилет.
  • Ар бир уникалдуу жеке ишкер үчүн операциянын бул түрүнө Билеттерди алууга чектөө:
    • Бир суткада – жеке ишкер тарапка толуктоо (кириш төлөмдү же которууну кабыл алуу) үчүн жалпы суммасы 100 Билеттен ашык эмес.

5.5. «Скай Мобайл» ЖЧК («Билайн»), «Альфа Телеком» ЖАК («Мега»), «КТ Мобайл» ЖЧК («Салам») уюлдук байланыш тармактарынын операторлорунун абоненттик өздүк эсептеринин балансын, Тиркеменин «Которуулар» бөлүгүнүн сервистеринин өздүк эсептерин (Электрондук капчыктар жана банктар) толуктоо үчүн, ELQR чыгыш которуулар (Уюштуруучунун QR-кодунан башка) үчүн Билеттер берилбейт.

5.6. Бир ИСНге (ИНН) катталган Колдонуучулар тарабынан алынган Билеттердин максималдуу саны – Лотереяны өткөрүүнүн бүткүл мезгилинде 5 000 Билет. Бир ИСНге катталган бардык ЭКларда Билеттердин жалпы суммасы 5000ге жеткенде, бардык ЭК боюнча Билеттерди андан ары чегерүү жүргүзүлбөйт.

5.7. Уюштуруучу ар кандай бузуулар, шектүү транзакциялар аныкталган учурда үчүнчү жактардын кайрылууларынын негизинде же өз демилгеси боюнча мурда берилген Билеттерди жокко чыгарууга укуктуу.

5.8. Төлөм жокко чыгарылган учурда, Лотереянын катышуучусуна жокко чыгарылган суммада берилген бардык Билеттер Лотереянын катышуучусунан автоматтык түрдө алынып салынат (анын Билеттеринин тизмесинен өчүрүлөт). Ушуну менен бирге алынып салынган билеттер Лотереяны өткөрүү мезгили аяктаганга чейин колдонулбайт (башка катышуучуларга берилбейт).

5.9. Билеттер Лотереяны өткөрүүнүн бүткүл мезгилинде 5.4.1-5.4.4 пункттарында баяндалган иш аракеттерди аткаруу үчүн топтоло берет.

5.10. Чегерилген Билеттер жөнүндө маалымат Тиркемеде катышуучуларга жеткиликтүү болот.

5.11. Билеттин Номери – Лотереянын алкагында кокустан тандалган сандардын уникалдуу топтому.

5.12. Билеттердин баасы (аларды алуу) – бекер.

5.13. Тиркеменин, Уюштуруучунун жеткиликтүү төлөм жүргүзүү ыкмалары аркылуу төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгү блокировкаланган учурда («Грин Телеком Сервис» ЖЧКсынын ЭКсын колдонуу жөнүндө келишим түзүүгө ачык офертаны» бузуунун натыйжасында же Лотереянын катышуучусунун иш-аракеттерине карата тиешелүү кайрылуунун/доо-талаптын натыйжасында же башка мыйзамдуу негизде), Лотереянын катышуучусунун бардык Билеттери төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгү блокировкадан чыгарылганга чейин Лотерея Ойнотууга кабыл алынбайт.

6. Лотереянын Байге фонду
Лотереянын байгелеринин аталышы 1 байгенин баасы, сом Байгелердин саны, даана
50 000 сомго сертификат 50 000 53
200 000 сомго сертификат 200 000 18
1 000 000 сомго сертификат 1 000 000 9
Баш байге – 10 000 000 сомго сертификат 10 000 000 1
7. Ойнотууларды өткөрүү тартиби:

7.1. Лотереяны өткөрүү мезгили:

Мезгилдин № Башталган күн Аяктаган күн
№1< мезгил/td> 02.12.2024 08.12.2024 (23:59:59)
№2< мезгил/td> 09.12.2024 15.12.2024 (23:59:59)
№3< мезгил/td> 16.12.2024 22.12.2024 (23:59:59)
№4< мезгил/td> 23.12.2024 29.12.2024 (23:59:59)
№5< мезгил/td> 30.12.2024 05.01.2025 (23:59:59)
№6< мезгил/td> 06.01.2025 12.01.2025 (23:59:59)
№7< мезгил/td> 13.01.2025 19.01.2025 (23:59:59)
№8< мезгил/td> 20.01.2025 26.01.2025 (23:59:59)
№9< мезгил/td> 27.01.2025 02.02.2025 (23:59:59)
№10 мезгил 03.02.2025 09.02.2025 (23:59:59)

7.2. Ойнотуу этаптары

Ойнотуу № Күнү Лотереянын мезгилдери Байге Жеңүүчүлөрдүн саны
№1 Ойнотуу 09.12.2024 №1 мезгил 1 000 000 сомго сертификат – 1 даана
200 000 сомго сертификат – 2 даана
50 000 сомго сертификат – 5 даана
8
№2 Ойнотуу 16.12.2024 №1,2 мезгил 1 000 000 сомго сертификат – 1 даана
200 000 сомго сертификат – 2 даана
50 000 сомго сертификат – 5 даана
8
№3 Ойнотуу 23.12.2024 №1,2,3 мезгил 1 000 000 сомго сертификат – 1 даана
200 000 сомго сертификат – 2 даана
50 000 сомго сертификат – 5 даана
8
№4 Ойнотуу 30.12.2024 №1,2,3,4 мезгил 1 000 000 сомго сертификат – 1 даана
200 000 сомго сертификат – 2 даана
50 000 сомго сертификат – 5 даана
8
№5 Ойнотуу 06.01.2025 №1,2,3,4,5 мезгил 1 000 000 сомго сертификат – 1 даана
200 000 сомго сертификат – 2 даана
50 000 сомго сертификат – 5 даана
8
№6 Ойнотуу 13.01.2025 №1,2,3,4,5,6 мезгил 1 000 000 сомго сертификат – 1 даана
200 000 сомго сертификат – 2 даана
50 000 сомго сертификат – 5 даана
8
№7 Ойнотуу 20.01.2025 №1,2,3,4,5,6,7 мезгил 1 000 000 сомго сертификат – 1 даана
200 000 сомго сертификат – 2 даана
50 000 сомго сертификат – 5 даана
8
№8 Ойнотуу 27.01.2025 №1,2,3,4,5,6,7,8 мезгил 1 000 000 сомго сертификат – 1 даана
200 000 сомго сертификат – 2 даана
50 000 сомго сертификат – 5 даана
8
№9 Ойнотуу 03.02.2025 №1,2,3,4,5,6,7,8,9 мезгил 1 000 000 сомго сертификат – 1 даана
200 000 сомго сертификат – 2 даана
50 000 сомго сертификат – 5 даана
8
№1 Ойнотуу0 (Финальный розыгрыш) 10.02.2025 №1,2,3,4,5,6,7,8,9,10 мезгил 10 000 000 сомго сертификат – 1 даана
50 000 сомго сертификат – 8 даана
9

7.3. Ойнотуулардын шарттары:

  • Ар бир Ойнотууга бардык өткөн Мезгилдер үчүн топтолгон Билеттер катышат.
  • Ар бир өткөн Ойнотууда утушка ээ болгон катышуучулардын бардык Билеттери кийинки Ойнотууларга, анын ичинде Финалдык ойнотууга катышуудан автоматтык түрдө алынып салынат.

7.4. Лотереяны ойнотуунун алкагында бир Колдонуучу өзүнө катталган Билеттердин санына карабастан, 1 (бирден) ашык эмес сертификат ала алат.

8. Рандомайзердин иштөө шарттары

8.1. Байге фондун Ойнотуу комиссиянын катышуусунда жүргүзүлөт жана видеокамерага жазылат.

8.2. Түшүндүрмө: Рандомайзер – кокустан тандоо ыкмасын колдонуу менен катышуучуларга берилген Билеттердин жалпы санынан уникалдуу утушка ээ болгон Билеттердин белгиленген санын автоматтык түрдө аныктаган Ойнотууларды өткөрүү системасы (атайын компьютердик программа).

8.3. Утуштун конкреттүү Билетке туш келиши кокустан болуп саналат жана аны эч ким атайын жасап коюушу мүмкүн эмес.

8.4. Лотереянын Байге фондун Ойнотууну өткөрүүдө ал башталганга чейин Байге фондун Ойнотууну өткөрүүнүн жыйынтыгын алдын ала билүүгө мүмкүндүк берүүчү процедуралар жана алгоритмдер колдонулбайт.

9. Лотереянын Байге фондун Ойнотуу боюнча комиссия

9.1. Ар бир Ойнотууну өткөрүү үчүн 3 (үчтөн) кем эмес мүчөдөн турган комиссия түзүлөт (комиссияга Уюштуруучунун өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын өкүлү жана жарандык коомдун өкүлү милдеттүү түрдө киргизилет). Комиссиянын функцияларына төмөнкүлөр кирет:

  • Лотереяны Ойнотууну өткөрүү;
  • Тиешелүү протоколго кол коюу менен Ойнотуунун жыйынтыктарын ырастоо.

Байгелерди Ойнотуу Instagram социалдык тармагындагы Уюштуруучунун баракчасында онлайн-трансляциялоо режиминде жана коомдук ишмерлердин (блогерлердин, журналисттердин жана массалык маалымат каражаттарынын башка өкүлдөрүнүн) катышуусунда ачык өткөрүлөт.

10. Байгелерди алуу тартиби

10.1. Утушка ээ болгон Билеттин ээси болуп саналган Лотереянын катышуучусуна (мындан ары жана жогоруда – «Жеңүүчү») Лотерея ойнотулган күндөн кийин 10 (он) календардык күндүн ичинде, саат 09:00дөн 20:00гө чейин, ал утушка ээ болгондугу жана Оператор менен байланышуу керектиги жөнүндө маалымат менен SMS-билдирүү жөнөтүлөт. SMS-билдирүү Жеңүүчүнүн Билет берилген абоненттик номерине жөнөтүлөт.

10.2. SMS-билдирүү жөнөтүлгөндөн кийин 3 (үч) календардык күндүн ичинде Уюштуруучу Жеңүүчүгө телефон чалат. Жеңүүчү чалууга жооп бербеген учурда, биринчи чалуу болгон учурдан тартып 3 (үч) календардык күндүн ичинде Жеңүүчүгө 3 (үчтөн) кем эмес чалуу жүргүзүлөт. Абоненттик номери боюнча Жеңүүчүнүн жеткиликсиз болушу (Жеңүүчүнүн мобилдик телефону өчүрүлгөн, оператордун байланыш тармагынын аймагынан тышкары болгон ж.б.) Уюштуруучу тарабынан кошумча чалууларды жүргүзүүгө негиз болуп саналбайт.

10.3. Уюштуруучу Лотереяны Ойнотуу болгон учурдан тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен, Ойнотуунун жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарына жана 3 жумуш күндөн кечиктирбестен, Лотереянын https://udacha.o.kg расмий сайтына жарыялайт.

10.4. Жеңүүчү Лотереянын жыйынтыктары жалпыга маалымдоо каражаттарына жана/же Лотереянын расмий сайтына расмий жарыяланган күндөн тартып катары менен 3 айдын ичинде Уюштуруучуга байгени алуу үчүн кайрыла алат, бул мөөнөт аяктагандан кийин Уюштуруучу Жеңүүчүгө байгени берүүдөн баш тартууга укуктуу.

10.5. Жеңүүчүгө байгени берүү Жеңүүчү Уюштуруучуга өздүгүн күбөлөндүрүүчү колдонуудагы документин көрсөткөн учурдан, ошондой эле байгени алуу үчүн кайрылган адам утушка ээ болгон Билеттин ээси экендигин тастыктаган учурдан тартып 10 календардык күндүн ичинде жүзөгө ашырылат (Билет катталган ЭК/номер кайрылган адамга катталган болушу керек).

10.6. Эгерде байгени алуу үчүн кайрылган адамдын өздүгүн күбөлөндүрүүчү документте көрсөтүлгөн аты-жөнү жана туулган күнү ЭКдагы/номердеги идентификациялык маалыматтары менен дал келбесе, ошондой эле ал аты-жөнүн алмаштырган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген жана өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтеги өзгөртүүлөрдү тастыктаган документтер жок болсо, ал адамга байге берилбейт.

10.7. Байгелер Жеңүүчү менен Уюштуруучунун ортосунда макулдашылган убакытта Бишкек ш., Абдрахманов көч., 170/2 дарегинде берилет.

10.8. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык утушка киреше салыгы Жеңүүчүдөн кармалат.

10.9. Жеңүүчү байгени тапшыруу учурунда сүрөткө жана/же видеого тартууга эч кандай тоскоолдуксуз катышууга милдеттенет жана Лотереянын Уюштуруучусуна бул сүрөт жана видеоматериалдарды, анын ичинде Жеңүүчүнүн өзүнүн (жеке) сүрөтүн Лотереянын алкагында жарнамалык жана маалыматтык максаттарда колдонууга макулдугун берет.

10.10. Победитель розыгрыша обязуется беспрепятственно принять участие в фото и/или видеосъемке вручения приза и дает согласие Организатору Лотереи использовать данные фото и видеоматериалы в рекламных и информационных целях в рамках Лотереи.

10.10. Жеңүүчү төмөнкү учурларда байгени алуу укугунан ажырайт:
a) Ушул Эрежелерде белгиленген байгени алуу мөөнөтүнүн ичинде байгени алуу үчүн Уюштуруучуга кайрылбаганда;
б) Колдонуучу ушул Эрежелердин шарттарына жооп бербегенде.

11. Корутунду жоболор

11.1. Бул Эрежелер 4-пунктта көрсөтүлгөн Лотереяны өткөрүүнүн жана байгелерди алуунун бүткүл мезгилинде колдонулат.

11.2. Байгени алганга чейин Уюштуруучу менен болгон мамилелерде Жеңүүчүнүн кызыкчылыктарын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде иш алып барган анын өкүлү көрсөтө алат, ишеним катта ыйгарым укуктардын тиешелүү тизмеги камтылат.

11.3. Катышуучу байге утуп алуу максатында Лотереяга катышуу үчүн ири суммада акча коротуу чечимин өз алдынча кабыл алган учурда Уюштуруучу эч кандай жоопкерчилик тартпайт. Лотереяга катышуу катышуучулардын өз ыктыярдуулугунун принцибине негизделген.

11.4. Лотереяны өткөрүүгө жана анын жыйынтыктарына байланыштуу кайрылуулар жана доо-талаптар тиешелүү Ойнотуу өткөрүлгөн күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде берилиши мүмкүн. Лотереяны өткөрүүгө жана анын жыйынтыктарына байланыштуу кайрылууларды жана доо-талаптарды кароо мөөнөтү – аларды алган учурдан тартып 14 жумуш күндү түзөт.

11.5. Лотереяга катышуу менен Лотереянын ар бир катышуучусу ушул Эрежелердин текстин кунт коюп окуп чыккандыгына жана түшүнгөндүгүнө автоматтык түрдө макул болот жана Эрежелердин шарттарына эч кандай чектөөсүз жана/же алып салуусуз макул болот.